Тег пension

“Россия, Казахстан жана Беларусь жарандарынын Кыргызстанда алган пенсиясы канча?

2021-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) кирген мамлекеттердин эмгекчилеринин пенсиялык камсыздандыруу боюнча келишими күчүнө кирди. Бул келишимдин алкагында Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларус мамлекеттеринин жарандары башка мамлекеттерде эмгектенүү же башка ишмердик аркылуу пенсиялык укуктарга ээ болушат. Учурда Кыргызстандын Социалдык фонду тарабынан 79 жарандын пенсиясы дайындалган, алардын 70и Россиянын, 8и Казакстандын, 1и Беларус мамлекетинин жарандары. Ошондой эле, Кыргызстандык 61 жаранга Россия тараптан пенсиянын бир бөлүгү дайындалган.