Кыргызстанда жыл башынан бери 44 миңден ашык пенсия дайындалды.
Кыргызстанда 2024-жылдын тогуз айында 44 миң 365 жаранга пенсия дайындалса, анын 5 миң 267си сентябрь айында төлөм алган. Ошондой эле 1098 пенсионерге эмгек стажы жана эмгек акы боюнча жаңы маалыматтар боюнча пенсиялар кайра эсептелди.