Ош шаарында чет элдиктерге жаңы форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирди
Ош шаарындагы үйлөнүү үлпөт сарайында чет элдик жарандарга мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде каттоо, жашоого уруксат алуу жана жарандык маселелерин алуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Долбоор 2024-жылдын 1-ноябрына чейин созулуп, чет элдик жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.