
Тогуз ай ичинде Кыргызстанда 5 миңге жакын бала оор шарттарда калды
Кыргызстанда быйыл тогуз ай ичинде кыйын абалда калган 4 843 бала аныкталды. 2 514 балага коргоо пландары иштелип чыгып, 2 488 бала кыйынчылыктан чыгарылды. 1 277 үй-бүлө колдоого муктаж деп табылып, 947си кризистен чыкты. 444 бала зомбулукка кабылып, социалдык жана психологиялык жардам алышты.








