Тег плантация

10 сотых жерден кантип пайда табуу: алма бактары жана кулпунай тез киреше алып келет

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги агроорман өстүрүүнү өнүктүрүү алкагында чакан жер тилкелерин натыйжалуу пайдалануунун үлгүсүн сунуштады. 10 сотых жерге жарым бойлуу алма бактары менен кулпунай өстүрүү аркылуу туруктуу киреше алуу мүмкүн. Алгачкы жылы кулпунай 1 тонна түшүм берип, 200 000 сом киреше алып келиши мүмкүн, ал эми үчүнчү жылдан баштап алма бактары жылына 3 тонна түшүм берип, 180 000 сом киреше камсыздайт.