2024-2028-жылдарга Кыргызстандын агроөнөр жай тармагында соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасы боюнча токтом кабыл алынды, ал айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Программа ошондой эле жергиликтүү өндүрүшчүлөр тарабынан продукцияны сатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камтыйт.
Кыргызстанда таланттуу авторлорду колдоо жана кыргыз тилин жана маданиятын жайылтуу максатында жыл сайын өтүүчү “40 район – 40 китеп” адабий сынак башталат. Сынак өлкөнүн чыгармачылык активдүүлүгүн жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө салым кошот.
Болоньяда Кыргызстан Республики италиядагы элчиси Таалай Базарбаев "Макрон" компаниясынын акыркы жетэкчилери менен жолугушуп, олконун спортту онуктуруу аракетин, экспорт жана инвестициялык мумкунчулуктордун таааныштырды . Кыргызстандын женилдиктерин эске алып, биргелешип бренддик продуктылар ондурууну сунуштады. "Макрон" компаниясы да сунуштарды карап чыгууга даяр экенин билдирди.