
Кыргызстан Пакистанда өзүнүн туристтик потенциалын көрсөттү
Исламабадда пакистандык туроператорлор менен жолугушууларды уюштуруу менен Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү. Элчи Авазбек Атаханов өлкөнүн туризм тармагындагы жетишкендиктерин баса белгилеп, пакистандыктарды Кыргызстандын уникалдуу маданияты жана жаратылышы менен таанышууга чакырды. Катышуучулар кыргыздын каада-салтына кызыгып, таанышуу сапарларын пландаштырышууда.





