Министрлер Кабинетинде жергиликтуу Советтердин депутаттарын шайлоонун уюштуруу маселелерин талкуулоо
Бишкекте 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүгө арналган Республикалык штабдын жыйыны өттү. Катышуучулар шайлоо участкаларын уюштуруу, комиссияларды окутуу жана шайлоонун коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулашты. Министрлер кабинетинин башчысы шайлоону демократиялык кырдаалда өткөрүүнүн маанилүүлүгүн жана эркин шайлоо процессин камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи.