Тег продукциялары

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2024” көргөзмөсү өтөт

18-20-октябрга чейин Бишкекте “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын Күз” жарманкеси өтөт. Ага 20 миңден ашык фермердин катышуусу күтүлүүдө жана дүйнөлүк бренддердин 250дөн ашуун түрү көрсөтүлөт. Иш-чара Кыргызстандын айыл чарба мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана жаңы технологиялар боюнча маалымдуулукту жогорулатууга багытталган.