Адылбек Касымалиев ЕЭК Кеңешинин отурумуна катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Москвадагы жыйынында 50дөн ашык маселе каралды, анын ичинде кооперация долбоорлорун тандоо жана жеңил өнөр жай товарларын маркировкалоону кеңейтүү боюнча жобого өзгөртүүлөр киргизилди. ЕАЭБдин ички рыногунда каржылык колдоо көрсөтүү жана тоскоолдуктарды жоюу боюнча чаралар көрүлдү.