2024-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,3%га өсүү менен 453 млрд сомдон ашты. Негизги өсүш мунай продуктыларын, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө жана курулушта катталган.
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы «Кыргыз Петролеум Компани» мунай заводун модернизациялоо үчүн капсула салды. Долбоор 410 миллион долларга каржыланып, өлкөнүн ички керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жогорку сапаттагы күйүүчү май өндүрүүнү кыйла көбөйтүп, импортко көз карандылыкты азайтат. Модернизация ошондой эле зыяндуу заттардын чыгышын азайтып, аймактагы экономикалык абалды жакшыртат.
2024-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,7%га өсүү менен 330,5 млрд сомго жетти. Негизги өсүштүн фактору тазаланган мунай продуктулары болду, аларды өндүрүү 1,7 эсеге өстү. Жыгач, кагаз буюмдарын жана тамак-аш продуктыларын чыгаруу да кебейду. Бирок, негизги металлдарды жана химиялык продуктыларды өндүрүүдө төмөндөө байкалды.