Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун жээгиндеги мыйзамсыз соода объектилерин демонтаждоо
Бишкекте Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз соода объектилерин демонтаждоо иштери уланууда. Ишти No957 ДЭП кызматкерлери жүргүзүп, Ача-Кайынды-Калинин унаа жолун да профилдештирип, муздан тазалоочу материалдарды даярдашты. Мындан тышкары Калинин-Пограничник-Кызыл Туу тилкесинде узундугу 7,1 чакырымды түзгөн асфальт төшөө иштери аяктады.