Тег Профсоюздардын

Кыргызстан профсоюздар федерациясында 2 миллиард сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Кыргызстандын Эсеп палатасы Профсоюздар федерациясынын 2013-2022-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгүндө 2 миллиард сомдон ашык каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Текшерүү жерди жана мүлктү мыйзамсыз сатууну көрсөттү, бул профсоюздар жөнүндөгү мыйзамга каршы келет. Башкы прокуратура менен УКМК сатылган тилкелерди кайтаруу иштерин баштады.