Министрлер кабинети чет өлкөлүк жарандарга санариптик көчмөн статусун алуу эрежелерин бекитет.
Президент Садыр Жапаров маалыматтык технологиялар тармагында иштеген чет элдик жарандарга “Санариптик көчмөндөр” статусун киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Өзгөртүүлөр миграциялык мыйзамдарга тиешелүү жана мындай жарандарга өлкөдө каттоосуз жана иштөөгө уруксатсыз жүрүүгө мүмкүндүк берет. Статус алуунун тартиби жана анын ээлеринин укуктары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.