
Аскер прокуратурасы Баткендеги аскер бөлүгүнө жер тилкесин кайтарды
Баткендеги аскер бөлүгүнүн жерлери кайрадан мамлекетке кайтарылды. 2001-жылы мыйзам бузуу менен 2,59 гектар жер жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 42,1 миллион сомдук жер участкалары мамлекеттин менчигине өткөрүлүп, Пограничдык кызматтын балансына берилди.








