«2024-жылдын башынан бери Ысык-Көл облусунда 13 миң 831 акылдуу эсептегич орнотулду»
Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу улантылууда: 2024-жылдын башынан бери алар 13 831 абонентке орнотулган, анын 12 590у Түп районуна туура келет. Европа банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоор маалыматтарды аралыктан окуу жана электр менен камсыздоону башкарууну камтыйт. 2025-жылга чейин облустун бардык керектөөчүлөрүн жаңы аппараттар менен жабдуу пландалууда.