Ноокаттагы 1,2 миллиард сомдук сымап кени мамлекетке кайтарылды
Ноокат районунда 1,2 миллиард сомдук кен байлыктары бар жерлер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Прокуратура Улуу-Тоо сымап кенине тиешелүү участок жеке колго мыйзамсыз өткөнүн аныктады.