Нурлан Мотуев Бишкекте кармалды
Бишкекте Instagram социалдык түйүнү аркылуу улуттар аралык кастыкты козуткан шектүү кармалды. “nurlan_motuev_official” каймана аты бар колдонуучу улуттук азчылыктын өкүлдөрүн кемсинткен сөздөр жазылган видеону жарыялады. Полиция жек көрүүчүлүктү пропагандалоонун лингвистикалык белгилерин аныктап, экспертиза жүргүзгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.