
Sonun компаниясы Кыргызстан фермерлеринен жашылча-жемиштерди түз сатып алууну жолго коёт
Бишкек, 27.08.25 /Кабар/. Sonun брендинин ээси "Продимпекс" ЖЧКсы өлкөнүн мөмө-жемиш консервалоо рыногунда алдыңкы орунда турат, 50дөн ашуун продукция түрлөрүн сунуштайт. Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 40 тонна продукция чыгарууга жетет. ISO 22000 жана ХАЛАЛ сертификаттары менен сапаты тастыкталган. Компания жергиликтүү дыйкандар менен кызматташып, түздөн-түз сатып алууга даяр.






