Тег рефлексивдүү элементтер

Бишкекте патрулдук милиция кызматкерлери мектептердин жанындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө нөөмөт иштерин улантууда

Бишкекте патрулдук милиция кызматкерлери мектептердин жанындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө коопсуздукту камсыз кылып, «Көңүл бургула – балдар!» профилактикалык акциясын улантууда. Инспекторлор айдоочуларга ылдамдыкты азайтууну эскертип, ата-энелерди балдарына жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин, анын ичинде жарыкты чагылдыруучу кийимдерди кийүүнү үйрөтүүгө чакырышууда.