Ош шаарында шаар мэри Бакытбек Жетигенов Сычуань аймагындагы курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана заманбап технологияларды колдонуу менен жаңы конуштарды куруу боюнча кызматташууну талкуулады. Компаниялар аймакты өнүктүрүүгө инвестиция салууга даяр экендиктерин билдиришти. байланыштарды мындан ары чыцдоо женунде макулдашууга жетишилди.
Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайбеген Базарбаев индиялык байкоочулар менен жолугушуп, Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге болгон масштабдуу шайлоону талкуулады. Ал 264 кеңеш түзүлүп, депутаттардын саны кыскарган административдик-аймактык реформанын маанилүүлүгүн белгиледи. Базарбаев шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык, кийлигишүүсүз жана административдик ресурссуз өтөрүнө ишендирди. Байкоочулар Кыргызстандын демократиялык шайлоо өткөрүүгө умтулуусун колдошту.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо башталып, ага дээрлик 15 миң талапкер катышууда. Административдик реформадан улам кеңештердин саны 59%га кыскарган. Биринчи жолу аралыктан добуш берүү жаңы технологияларды жана бюллетендер үчүн уникалдуу QR коддорду колдонуу менен киргизилди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районуна болгон иш сапарын баштап, Кербен – Үч-Коргон – ГЭС жолунун абалы менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Ал облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жол инфраструктурасынын маанилүүлүгүн белгилеп, 26 чакырым жолго асфальт төшөө планына токтолду. Шакиев ошондой эле өлкөнү таза суу менен камсыздоо жана реформалоо маселелерин талкуулап, сапаттуу курулуштун зарылдыгына жана подряддык уюмдардын жоопкерчилигине токтолду.
Президент Садыр Жапаров “Коопсуз шаар” долбоорун Ички иштер министрлигинин көзөмөлүнө өткөрүп, аны “Коопсуз өлкөгө” айландырууну, республикадагы коопсуздукту жакшыртууга багытталганын билдирди.
Кыргызстан 2021-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин башталган реформалардын аркасында таасирдүү өнүгүүнү көрсөтүүдө. Туруктуу экономикалык өсүш, жакшыртылган бизнес чөйрөсү жана азык-түлүк коопсуздугу коррупцияга каршы күрөштүн жана негизги ишканалардын улутташтырылышынын натыйжасы болду. Айыл чарбасында кластерлердин түзүлүшү ата мекендик азык-түлүк өндүрүшүнүн көлөмүн кыйла көбөйтүп, күч түзүмдөрүн бекемдөө өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылууда. Эксперттер мындай кайра түзүүлөр мындан аркы экономикалык прогресс үчүн жагымдуу шарттарды түзөөрүнө ишенишет.
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин 100 жылдык мааракеси белгиленди. Акылбек Жапаров өлкөдөгү жетишкендиктерге токтолуп, 100дөн ашык завод-фабрикалардын ишке кириши, социалдык объектилердин курулушу жана жакырчылыктын азайышына токтолду.