Кепилдик фонддун 90%ы өлкөнүн аймактарында бизнести колдоого багытталган
Үстүбүздөгү жылдын 10 айында “Кепилдик фонду” ААК Кыргызстандын аймактарындагы бизнести колдоого 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүп, 2687 кепилдик берген. Каражаттын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош, Чүй, Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Нарын облустарына жумшалып, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө салым кошууда.