Ысык-Көл облусун 2035-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын бет ачары
Ысык-Көл мамлекеттик университетинде экологиялык тең салмактуулукка жана туризм, өнөр жай жана айыл чарбасы аркылуу экономиканын өсүшүнө багытталган 2025-2035-жылдарга региондорду өнүктүрүү стратегиясынын бет ачары болду. Экологияны жакшыртуу жана инвестиция тартуу боюнча долбоорлор талкууланды. Президенттин өкүлү экономиканы өнүктүрүүдө экологиялык коопсуздуктун маанилүүлүгүн белгиледи.