Салык кызматы Орусиядан мыйзамсыз түрдө дары-дармек алып келгенин аныктады
“Ош” эл аралык аэропортунда КР Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Орусиядан 800 миң сомдук дары-дармектерди мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт коюшту. Продукциялар кармалып, андан аркы чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.