
Бишкектин кээ бир көчөлөрүндө 26-мартта суу болбойт
Бишкектин Панфилова, Манас проспекти, Фрунзе көчөлөрүндө 26-мартта суу болбойт. Мэриянын маалыматына ылайык, саат 09:00дөн 15:00гө чейин жашоочулар, мектептер, балабакчалар жана медицина мекемелери суу ала албайт. Бул суу берүү токтотулушу "Тоголок Молдо" суу алуучу жайында жана шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлүүчү реконструкция менен байланыштуу.








