Тег рельс

Швейцариялык компания «Кыргыз темир жолу» менен кызматташууну пландоодо

Бишкекте Кыргызстандын элчиси менен “Швихаг” компаниясынын жолугушуусу болуп, анда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору талкууланды. «Кыргызтемиржолу» мамлекеттик ишканасы менен кызматташууну баштоо үчүн Швихаг делегациясынын 2024-жылдын октябрь айында Бишкекке келиши боюнча макулдашууга жетишилди.

Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу кызуу уланууда – фото

Нарын облусунун Кочкор районунда Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу уланып, 35 чакырым жол бүткөрүлдү. Рельс төшөө, суу өткөргүчтөрдү куруу жана табигый тоскоолдуктарды жоюу үчүн бургулоо жана жардыруу иштери жүрүп жатат. 100дөн ашык жумушчуну жана 60 техниканы камтыган долбоор транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана аймактын экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ.