Тег репеллент

КРде 2020-2024-жылдары 11 импорттолгон безгек учурлары катталды: Жарандарды алдын алуу чараларын көрүүгө чакырышты

КР Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды кан соргуч курт-кумурскалар аркылуу жугуучу инфекцияларга каршы алдын алуу чараларын сактоого чакырат. Чикунгунья вирусу, Зика жана башка оорулар коркунуч туудурат. Эндемикалык аймактарга баруу алдында алдын алуу чараларын көрүү сунушталат.

Эс алуу учурунда инфекциялардан кантип коргонуу керек

Дем алыш учурунда инфекциялык оорулардын алдын алуу эрежелерин эстен чыгарбоо маанилүү. Жылы мезгилде ичеги-карын жана башка инфекциялардын жугуу коркунучу жогорулайт. Бишкектеги саламаттыкты чыңдоо борборунун адистери чет өлкөгө саякаттоодо инфекция жугуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу керектигин билдиришет. Суу, туура эмес иштетилген тамак-аш, кан соргуч жәндиктер жана оорулуу адамдар менен байланыш аркылуу инфекциялар тарайт. Ичеги инфекцияларынын алдын алуу үчүн кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну ичүү, жашылчаларды жана жемиштерди таза суу менен жууп, көчөдө тамактануудан качуу сунушталат. Ошондой эле, жәндиктердин тиштөөсүн алдын алуу үчүн репелленттерди колдонуу жана жеңил, денени жапкан кийимдерди кийүү сунушталат. Саламаттык начарласа, даригерге кайрылуу керек.