Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга иш сапары менен барып, Сучжоу шаарында өткөн «Жашыл энергетика боюнча 10-эл аралык форумга» катышты. Ал электр энергиясына болгон муктаждыктын өсүшүн белгилеп, Кыргызстандын энергетика потенциалы жана эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу айтып берди. Кыргызстан Борбор Азиядагы жашыл энергетиканын флагманы экенин, энергиянын 90% ири ГЭСтерде өндүрүлөрүн белгиледи. Кытайлык өнөктөштөр күн жана шамал станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Эки тараптуу жолугушууда энергетика жана көмүр тармагында кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвесторлорду тартуу маселелери талкууланды. Кытайдын энергетика министри кызматташууга даяр экенин билдирди.