
Кытай жарандарынын Кыргызстанда жапырт кыймылсыз мүлк сатып алышы тууралуу билдирүү тараткан риэлтор менен УКМКда сүйлөшүштү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Рустам Нусупов менен анын Инстаграмдагы видео кайрылуусуна байланыштуу алдын алуу сүйлөшүүсүн өткөрдү. Нусуповдун билдирүүсү Бишкекте "чайна таун" пайда болуу коркунучу тууралуу болуп, интернет колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан.
