Тег Римский

Жаңы Рим папасын шайлоо май айынын башында өтөт.

Жаңы рим папасын тандоо үчүн кардиналдардын жыйыны 7-майга белгиленди. Сикстин капелласы, Ватикан бакчалары жана Виа Триумфалистеги некрополь туристтер үчүн убактылуу жабылды. Коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Папа Франциск 21-апрелде каза болгон.

Садыр Жапаров Папа Римдик Франциск дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кардинал Кевин Фарреллге көңүл айтты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Папа Франциск дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кардинал Кевин Фарреллге жана католиктерге терең кайгыруу менен көңүл айтты.