Россиялык компания Кыргызстанда жугуштуу ооруларды изилдөө борборун түзүүгө ниеттенүүдө
Бишкекте “РосКапСтрой” ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбордун курулушу талкууланды. Долбоор Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоого жана инфекцияларга каршы күрөштү жакшыртууга багытталган, ошондой эле заманбап технологияларды жана эл аралык кызматташтыкты колдонууну камтыйт.