
Садыр Жапаров Россия өкмөтүнүн орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды
Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Россиянын өкмөтүнүн орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык аспекттери талкууланды. Оверчук Кыргызстанды Россия үчүн стратегиялык өнөктөш катары баалап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдирди.







