Тег Royalsafa

Ысык-Көлдө жабыр тарткан Темировка айылынын тургундарына үй курула баштады

Ысык-Көл районунда август айында селден жабыркаган Темировка айылынын тургундары үчүн беш турак жайдын курулушу башталды. Кырсыктан жапа чеккен 301 кожолуктун 29у оңдоого жараксыз. Бул үй-бүлөлөрдүн ар бирине 1 миллион сомдон бөлүнсө, кесепеттерин жоюуга мамлекет тарабынан 74 миллион сом бөлүнгөн. Курулушту түркиялык Royalsafa компаниясы жүргүзүүдө.

Чүй облусунда монолиттүү блокторду чыгаруучу завод 2024-жылдын аягына чейин ишке кирет

Кыргызстандын Чүй облусунда монолиттик блоктордун модулдарын чыгаруучу заводдун курулушу башталды. «Роялсафа» ЖЧКсы ишке ашырган долбоорго буга чейин 2 миллион доллар инвестиция тартылган. Завод ишке киргизүү үчүн документтерди даярдап жатат жана 2024-жылдын аягында ачылышы менен күнүнө 4 модулду чыгарууну пландоодо.