Тег сүйүү

Бишкек шаардык драма театры “Кош дегим келбейт” спектаклин тартуулайт.

1-3-ноябрь күндөрү Бишкек шаардык драма театрында Александр Володиндин чыгармасынын негизинде коюлган “Кош дегим келбет” спектакли коюлат. Режиссер Уланмырзы Карыпбаев ажырашуу окуялары аркылуу сүйүү жана үй-бүлөлүк мамилелер темасын ачып, заманбап чыр-чатактар учурунда интимдик мамилени сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген.

24.09.24 сулуу күнү Кыргызстанда 208 түгөй никеге турушту

2024-жылдын 24-сентябрында Кыргызстанда 208 түгөй үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнүнө туура келген кооз датаны тандап, никесин катташкан. Бул иш-чара үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана коомдо үй-бүлө институтун бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.