Кабыл алынган чечимдерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргызстан колдон келгендин баарын жасайт, деди С.Жапаров.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Түркия менен болгон стратегиялык өнөктөштүктү жана коңшу мамлекеттер менен мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек УТК саммитинин чечимдерин ишке ашырууга жигердүү колдоо көрсөтүү ниетин билдирди. Кыргызстандын төрагалыгы “Түрк дүйнөсү 2040” программасынын алкагында экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү жана санариптик келечекке басым жасайт.