Тег салыгын

Улуу Британияда сезондук жумуштарда иштеген кыргызстандыктар киреше салыгын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Empirica Group компаниясы Кыргызстандын жарандарына Улуу Британиядан ашыкча төлөнгөн киреше салыгын өндүрүп алууга жардам берүү боюнча келишим түзүштү. Келишим акыркы 5 жылдын салыктарын кайтарууга мүмкүндүк берет жана процесс 9 айга чейин созулушу мүмкүн.