Салык кызматы Орто-Сай базарынын соодагерлерине кассалык аппаратты бекер берип, текшерүү жүргүздү (фото)
Орто-Сай базары соодагерлерге салык мыйзамдарын сактоого жардам бере турган кассалык аппараттарды алды. 2024-жылдын 1-июлунан тартып патент салыгы жоюлуп, контролдук-кассалык аппараттарды колдонуу ар бир адам үчүн милдеттүү болуп калды.