Салык кызматы 1000ден ашуун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине семинарларды өткөрдү
КР Мамлекеттик салык кызматы аймактарда, анын ичинде Таш-Көмүр жана Ош шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутууну камсыздайт. 1100дөн ашык катышуучу салыктык милдеттенмелер, жергиликтүү бюджеттер жана салык процесстерин санариптештирүү менен таанышты, бул салык сабаттуулугун жана финансылык туруктуулукту жогорулатууга жардам берет.