Айыл чарба министрлиги менен Айыл Банк санарип өнүктүрүү боюнча меморандум түзүштү
Айыл чарба министрлиги менен “Айыл Банк” ААК суу ресурстарын жана айыл чарбасын санариптештирүүгө багытталган кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документ натыйжалуу санариптик кызматтарды жана инструменттерди түзүү үчүн маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө биргелешкен аракеттерди, ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн үзгүлтүксүз консультацияларды камтыйт.