Догдуркүл Кендирбаева ZTE корпорациясынын башкы директору менен жолугуп, санариптик технологиялар аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууну талкуулады.
КРнын билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева ZTE жана Kyrgyz Telecom компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, санариптик технологиялар аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулата турган Smart Education долбоорун талкуулады. Кызматташтык октябрь айынын аягына чейин мектептерде интернеттин ылдамдыгын төрт эсеге көбөйтүүгө, санариптик ажырымды жоюуга жана бүткүл өлкө боюнча билимге бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган.