Тег санитардык-гигиеналык чаралар

Саламаттыкты сактоо министрлиги ОРВИ жана сасык тумоо боюнча учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу билдирди

2024-жылдын 46-жумасында Кыргызстанда ОРВИ менен ооруган 7119 учур катталды, бул өткөн жумага салыштырмалуу 1,7 эсеге көп. Айрыкча 14 жашка чейинки балдар арасында оору көп. Бишкек, Ош шаарларында жана Ысык-Көл облусунда көрсөткүчтөр орточо республикалык нормадан ашты. Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустардан коргонуу жана инфекциялардын жайылышын алдын алуу үчүн профилактикалык иш-чараларды, анын ичинде маска режимин, дем алуу органдарынын гигиенасын жана санитардык нормаларды сактоого чакырат.