Жогорку Кеңештин депутаттары санжыра музейлерин түзүү демилгесин жактырды
Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов тарабынан демилгеленген кыргыз элинин каада-салтын сактоо максатында санжыра музейлерин түзүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышты. Мыйзам долбоору Жети-Өгүздө алгачкы музейди ачуу менен санжыраны жайылтууга жана маданиятты өнүктүрүүгө багытталган.