
Бишкекте бир нече көчөлөрдө асфальттын сапаты текшерилди
Бишкекте асфальттын сапатын текшерүү үчүн бир нече көчөлөрдө сынактар өткөрүлдү. Министрликке караштуу республикалык сертификация борборунун адистери "Алтын-Ордо" жашоо массивинде, Мыскал, Безымянная, Илим, Республиканская көчөлөрүндө жана Эркиндик бульварында асфальтобетон үлгүлөрүн алышты. Текшерүү жыйынтыгы боюнча материалдардын сапатынын талаптарга жана стандарттарга ылайык келери аныкталат.







