Тег сапатын

Кыргызстанда койдун жүнүнөн алынган жер семирткич сыналууда

Кыргызстанда койдун жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткичтин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө жана сапатына тийгизген таасирин баалоого багытталган тестирлөө башталды. Айыл чарба министерствосу Монголияга 13200 тонна жунду кайра иштетууге жиберип, андан 11276 килограмм гранулдуу жер семирткич даярдалды. Сыноо методдорун иштеп чыгуу, анын ичинде кыртыштын шарттарын жана өсүмдүктөрдүн өсүшүн талдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Эксперименттин натыйжалары бул жер семирткичти колдонуунун максатка ылайыктуулугу женунде илимий жактан негизделген корутунду чыгарууга жардам берет.