Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекова жаңы технологияларды киргизүү жана модулдук протездөө баасын төмөндөтүү, ошондой эле ортопедиялык бут кийимдердин сапатын жогорулатуу пландары тууралуу айтып берди. Протездөө эки жылга чейин, ал эми бут кийимдер жылына эки жуп чыгарылып, сапаттуу материалдарды колдонууга басым жасалат.
Кыргызстан бузулган жайыттарга кайра себүү үчүн Орусиядан 18,3 тонна жайыт чөпүнүн үрөнүн сатып алды. Жеке ишкер менен 295 миң кг келишим түзүлүп, үрөндөрдүн биринчи партиясын тапшырып бүттү.
Бишкекке Түркиядан кондиционер жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жеткиликтүү механизмдер менен жабдылган 35 жаңы автобус келет. Алар экспресс каттамдарды, анын ичинде “Манас” аэропортуна чейин каттайт. Учурда борбордо 1376 автобус жана 108 троллейбус каттайт. Мэрия коомдук транспортту жакшыртуу үчүн мындан аркы сатып алууларды пландаштырууда.
Бишкек мэриясы 288 жаңы бирдикти, анын ичинде 68 Isuzu автобусун жана 120 электр автобусун сатып алуу менен коомдук транспортту модернизациялоону пландаштырууда. Автопаркты жаңылоо 96%га жетип, 1376 автобус жана 2700 айдоочу бар.
Кыргызстанга сасык тумоого каршы 67 миң вакцина алынып, азыр аймактарга таратылууда. Эмдөө Бишкек жана Чүй облусунан башталып, тобокелдик топторуна артыкчылык берилип, бекер болот.
Бишкекте мурдагы жетекчи арзандатылган баада сатып алган “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Б.Р.А. кызмат абалынан пайдаланып, миноритардык акционерлерден 383 миң 590 акцияны сатып алган. 65 миллион сомдон ашык суммадагы акциялар мамлекетке кайтарылып берилген.
Кыргызстанда мамлекеттик ипотека алуу үчүн 30 миңден ашык адам кезекте турат. ГИКтин маалымат катчысы Жылдыз Бекбаева кезектин чондугун белгилеп, уй куруу жана ижарага беруу пландар тууралу айтып берди.
Нарын облусундагы айыл өкмөтү үчүн кошумча жабдуулар сатылып алынган мамлектке 4 миллион 930 миң сом зыян келтирилген. Прокуратура мыйзам бузуу фактыларын аныктап, кылмыш ишин козгода.
Жазгы мезгилде азык-түлүктүн сапатына көңүл буруу өтө маанилүү, анткени ысык аба ырайы уулануу жана ичеги инфекцияларынын тобокелдигин жогорулатат. Бишкектеги ден соолук борборунун адистери эт жана балык сатып алууда көңүл бурууга тийиш болгон аспектилерди белгилешти. Көптөгөн дүкөндөр азыктарды сактоо жана ташуу эрежелерин бузуп жатышат. Товарды жана анын упаковкасын сыртынан баалоо маанилүү. Жаман көрүнүштөгү азыктарды сатып алуудан качуу керек, анткени аларда бактериялардын активдүүлүгү башталган. Эттин жана балыктын свеждигин текшерүү үчүн, түсүнө, жытына, жабыркаган жерлерине жана башка белгилерине көңүл буруу зарыл. Мындай ыкмаларды колдонуу аркылуу сапаттуу азыктарды тандоого болот.