Савай айыл өкмөтүнүн башчысы УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жеринен кармалды.
Бишкекте УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Савай айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды. Буга чейин ал кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, жер тилкелерин муляждардын наамына каттатып келген. Эми ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат.