
Нурланбек Тургунбек уулу ЖК аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин Дипломатиялык кызмат күнү менен куттуктады
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу дипломатия кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, парламенттик дипломатиянын Кыргызстандын тышкы саясатынын өнүгүшүндөгү маанисин белгиледи. Ал эл аралык келишимдердин сапаттуу даярдалышына жана укуктук коштоосуна кызматкерлердин кошкон салымын жогору баалады.








