
Президенттик администрацияда мамлекеттик коммуникацияларды натыйжалуулугун жогорулатуу талкууланды.
Президенттик администрациянын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары менен жолугушуп, коммуникацияны жакшыртуу жана элге так маалымат жеткирүү маселелерин талкуулады. Жыйындын жыйынтыгында басма сөз кызматтарынын потенциалын чыңдоо жана мамлекеттик коммуникациянын ылдамдыгын жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.








