Айбек Молдогазиев Армениянын элчиси Армен Гевондян менен жолугушту
Бишкекте КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Армениянын элчиси Армен Гевондяндын жолугушуусу болду. Саясий өз ара аракеттенүү, 2025-жылдагы өз ара сапарлар жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашышты.