Тег саясий-экономикалык кызматташтык

Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту

25-сентябрда Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер менен жолугушуп, саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулады. Тоо-кен өнөр жайы, туризм жана билим берүү тармагында кызматташуу, ошондой эле кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйтүү темалары талкууланды. Боулер кыргызстандыктар үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү 2029-жылга чейин узартылганын белгилеп, Кыргызстандагы мектептерди англис тилиндеги окуу китептери менен камсыздоону пландап жатканын белгиледи.